Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясы

2018-жылдын 25-декабры № 11/4.1

2019-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктар үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылдык Кенешинин депутаттарынын уюштуруу сессиясында жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында жана Ылай-Талаа айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйынын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2019-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктар үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндө токтомун карап чыгып Ылай-Талаа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин.

2. 2019-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүнөлчөмдөрү:

Ийри мүйүздүү малдар -1 баш үчүн 50 сом,

 Кой –эчкилер 1-баш үчүн 10 сом,

 Жылкылар 1- баш үчүн 50 сом.

3. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн пайдалануу үчүн жайыт участоктор үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдетти жүктөлсүн.

4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 7500 сом ( жети миң беш жүз) сом. Эсепчисине 6000 ( алты мин) сом .Инспектор үчүн 6000 (алты мин) сом өлчөмүндө эмгек акылары бекитилсин.

5. Ылай-Талааа айыл өкмөтүнүн жайыт жердин аянты 11786 гапайдаланган жер аянтка жер салыгы 1 гаүчүн 5-52 сомдон бекитилсин.

6 .Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго жүктөлсүн.

7 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Б.Тоотаев) тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Жолдошов