Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры № 10/9
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансындагы фронтальный погрузчик техникасын айыл аймагында иштетүү үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагында айыл өкмөтүнүн балансындагы фронтальный погрузчик техникасын иштетүүүчүн тарифин хронометраж аркылуу аныктоо тууралуу айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансындагы фронтальный погрузчик техникасын айыл аймагында иштетүүүчүн төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:
-айыл өкмөтүнүн жумуштарын аткарууда ар бир мото/саатыүчүн—1320 сом,
-башка физикалык жана юридикалык
тараптарга ар бир мото/саатыүчүн---1500 сом.
2. Келишимдин негизинде аткарылган жумуштун көлөмүнө ылайык иштетилген мото/саат боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Жолдошова менен эсептешүү жана аммортизациялык төлөмдөрдү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсептешүү эсебине төлөтүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айылжанасуучарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасыБ.Тоотаев ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |