Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы
2019-жылдын 16-январы №9/1
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана ставкасын белгилеп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018- жылдын 10- августундагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018- жылдын 28- июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 73- 74- беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгууүчүн жыйымын күчүнөкиргизүү жана 75- беренесинин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын, 76- беренесинин 3- бөлүмүнө ылайык төлөө мөөнөтүн бекитип берүү, 89- 90- берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн, 100- берененин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүүүчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктап берүүжөнүндөгү Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси С.Эсеналиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын 2018- жылдын 10- августундагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018- жылдын 28- июнундагы Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 73- 74- беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019- жылдын 1- январынан күчүнө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 75- беренесинин жана 76-беренесинин 1 жана 2- бөлүмүнүн негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019- жыл үчүн бир жашоочуга 10 (он) сомго, соода сатык жүргүзгөн ишканаларга имаратынын бир чарчы метрине 10 сомго 76- беренесинин 3- бөлүгүнүн негизинде төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрдан кечиктирбестен.
3. Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 89- 90- беренесинин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, жандыкка 10 (он) сомго, ийри мүйүздүү малга 50 (элүү) сомго, жылкыга 50 (элүү)сом ,төлөөмөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан кечитирбестен.
4. Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 100- беренесинин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүүүчүн ижара акысынын өлчөмү бир чарчы метрге 50 (элүү) сомго аныкталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талааайылдык Кеңешининсоциалдык маданий, билим берүү, коммуналдыкменчик, саламаттыктысактоо, маалымдуулук, жаштардыништери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасыУ.Ажимаматов) тапшырылсын
Төрага | Н.Жолдошов |