Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы
2018-жылдын 06-марты № 10/2
Ылай-Талаа айыл аймагына малдарды асылдандыруу максатында мамлекет тарабынан берилген асыл тукум буканын айыл тургундарынын малдарын куудуруу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагына малдарды асылдандыруу максатында мамлекет тарабынан берилген асыл тукум буканын айыл тургундарынын малдарын куудуруу боюнча тарифи боюнча Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагына малдарды асылдандыруу максатында мамлекет тарабынан берилген асыл тукум буканын айыл тургундарынын малдарын куудуруу боюнча тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
-ар бир куудурган мал үчүн ---1000 сом,
2. Ылай-Талаа айылынын аймагынын калкынын малдарын асылдандыруу максатында мал-жандыктарын сапаттуу вакцина менен эмдөө аркылуу уйларды куудуруу кызматын уюштуруп эл арасында бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүжагы айыл өкмөтүнун малчарбасы , ветеринария боюнча башкы адиси Б.Омошовго жана Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев) тапшырылсын.
Төрага : Н.Жолдошов