Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы
2018-жылдын 06-марты № 10/5
Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү менен аткарылышына жана сооциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктары менен аныкталган финансалык тартип бузуулар жана көрсөтүлгөн кемчилдиктер жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү менен аткарылышына жана сооциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктары менен аныкталган финансалык тартип бузуулар жана көрсөтүлгөн кемчилдиктер жөнүндө төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Ылай-Талаа айыл өкмөтүндө жалпысынан 29,9 миң сомдук финансалык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинен бюджеттик каражаттарды сапар чыгымдары үчүн 7,5 миң сом ашыкча чыгымдоого жол берилген. Киреше салыгынын кошумча эсебинен киреше 9,1 миң сом жана соц. фондго кошумча киреше 10,2 миң сомду түзгөн жана ошондой эле материалдык жооптуу адамдардын жоопкерчилигинен 3,1 миң сомдук жетишпестиктер аныкталган. Финансалык тартип бузуулар толугу менен ордуна коюлган. Каралып жаткан маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Жолдошованын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү менен аткарылышына жана сооциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктары менен аныкталган финансалык тартип бузуулар жана кемчилдиктер бар экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын аудитордук текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аныкталган бюджеттик каражаттардын чыгымдалышына жол бергендигине айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун, ФЭБнүн башчысы А.Жолдошовалардын көңүлдөрү бурулсун жана көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу, бюджеттин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча иш алып баруу менен бирге жооптуу кызматкерлер тарабынан мындан ары финансалык тартип бузууларга жол бербөө менен алардын административдик жана аткаруучулук жоопкерчиликтерин күчөтүү, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун сапатын жакшыртуу менен мыйзам бузууларга жол бербөө максатында ошондой эле эсеп иштерин бүгүнкү күндүн талабына ылайык келтирүү үчүн “Бухгалтерия 1-С” компьютердик программасына киргизүүнү улантууну колго алышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы У.Ажимаматов ) тапшырылсын.
Төрага : Н.Жолдошов