Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры № 13
А.Нуржанов атындагы орто мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу жөнүндө
Нуржанов айылдык аймактык Кенешинин 7 -чакырылышынын кезектеги 15- сессиясы, Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинин, Жон-Арык айылындагы “А.Нуржанов атындагы орто мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу демилгесин угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. “А.Нуржанов атындагы орто мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. А.Нуржанов атындагы орто мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу долбоорунун сметасынын жалпы наркы 3 494 236 ( үч миллион төрт жүз токсон төрт миң эки жүз отуз алты) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Өздүк салым 524 135 (беш жүз жыйырма төрт миң бир жүз отуз беш ) сомду түзгөндүгү белгиленсин жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылат.
Төрага | Р.Жееналиева |