Загрузка документа…
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-январы № 3
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистика адисинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу милдеттерине келишим бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистика адисинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу милдеттерин бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Н.Сыдыкованын билдирүүсүн угуп талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук статистика комитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен айыл өкмөтүнүн экономист-статист адисинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу милдеттерине ылайык келишими бекитилсин.
2. Келишимди Мыйзамга ылайык иштеп чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Н.Сыдыковага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Н.Сыдыковага тапшырылсын.
Төрага | Г.Есембаева |