Загрузка документа…
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
2019-жылдын 08-январы № 2
Тамга айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык,Ысык-Көл облусунун,
Жети-ϴгүз районунун Тамга айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Тамга айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2- бөлүгүнүн 8- пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамга айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Тиркеме № 1)
2. Тамга айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Тамга айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын кєзємєлдєє Тамга айылдык Кеңешинин төрайымына милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Есембаева |