Редакцияот 27.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы

2018-жылдын 27-ноябры № 38

 Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 02-26/2304 катын кароо жөнүндө

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 02-26/2304 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесинин 7-пунктунун 2-пункчасына ылайык Тамга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Усенбаевдин ишиндеги одоно кемчиликтери үчүн ээлеген кызматынан шайланган мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берүү катынын негизинде Тамга айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Тамга айылдык кеңешинин 9 депутаты айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Усенбаевдин ишиндеги кемчиликтерин айтуу максатында, ээлеген кызматынан шайланган мөөнөтүнөн мурда бошотуу жагы билдирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Г.Есембаева