Загрузка документа…
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XI-сессиясы
2018-жылдын 27-ноябры № 39
Тамга айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү Тосор айылындагы «Кырман» жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы» программасынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы «Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчик укуктарын акылуу берүү же болбосо ижарага берүүнүн тартиби жана шарттарынын Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө» №571 токтомунун негизинде жана «Тосор агро» жоопкерчилиги чектелген коомунун арызынын негизинде айылдык кеңештин жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы» программасынын алкагында, аймактардагы дыйкандардын өндүргөн айыл чарба Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы «Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчик укуктарын акылуу берүү же болбосо ижарага берүүнүн тартиби жана шарттарынын Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө» №571 токтому менен бекитилген «Типтүү жобонун» 1-пункутунун 2-бөлүмүнүн негизинде Тамга айылдык аймагына караштуу Тосор айылындагы Тамга айыл өкмөтүнүн карамагындагы6981,0 чарчы метр аянттагы «Кырман» участогу «Тосор агро» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2018-жылдын 10-ноябрындагы «Көз карандысыз балоочулар» тарабынан бааланган 467 700 (төрт жүз алтымыш жети миң жети жүз) сомго түздөн-түз сатуу жолу менен сатылсын.
2. сатуу-сатып алуу боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү Тамга айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөдөө жагын айыл кеңештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Есембаева |