Загрузка документа…
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
2018-жылдын 27-ноябры № 40
Тамга айылдык аймагына караштуу Тосор айылындагы «Таза-Суу» долбоору боюнча таза суу чыгаруу, суу топтоо үчүн белгиленген жер аянты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 74-статьясынын 2-пуктунун негизинде, 68-статьясынын 1-пуктунун негизинде Тосор айылынын жалпы калкынын таза суу маселесин чечүү максатында, Тамга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 74-статьясынын 2-пуктунун негизинде, 68-статьясынын 1-пуктунун негизинде Тосор айылынын жалпы калкынын таза суу маселесин чечүү максатында, Тосор айылынын тургуну Чекиров Азарбек Жумадыловичтин№26, №27 контурлардагы айыл чарба багытындагы өздөштүргөн жеринен 0,50 га жер аянты “Мамлекеттик фондудагы жерлер”эсебинен алынып, “Таза-суу бургулап чыгаруу” (скважина) үчүн бөлүнүп берилсин. Тосор айылынын тургуну Чекиров Азарбек Жумадыловичтин айыл чарба багытындагы өздөштүргөн жеринин ордуна №116-контурдагы “Мамлекеттик фондудагы жерлерден””Алма бак””айыл чарба багытындагы ” жерден келишимдин негизинде 1,0 га жер аянты жеке менчикке бекитилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 74-статьясынын 2-пуктунун негизинде, Тамга айыл өкмөтүнүн жер пайдалануу картасынын № 210-контурундагы “жайыт жер багытындагы” жер аянтынан 0,50 га жер аянты суу сактоочу жай (резервуар) куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 74-статьясынын 2-пунктунун негизинде, “Таза-Суу” долбоору боюнча “Таза суу бургулап чыгаруучу жай” (скважина) үчүн бөлүнүп берилген “айыл чарба багытындагы” 0,50 га-жалпы 1,0 га жер аянтын ”ϴнөр жай, коммуникация” багытына өзгөртүп берүү жагы Жети-ϴгүз райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бөлүнүп берилген жерге тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, Жети-ϴгүз райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Есембаева |