Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылган Тамчы айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясынын
2018-жылдын 27-декабры № 6
Таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги 2019-жылга карата Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы калктуу конуштардагы ичүүчү таза суунун төлөмү төмөндөгү тартипте бекитилсин:
Тамчы “Мөлтүр - Булак” ИСКАКБ - 1м3 - 20 сомдон
Кош – Көл айылынын ичүүчү таза суусу – киши башына 5 сомдон
Чырпыкты “Таза - Суу” ИСКАКБ - 1 м3 -17 сомдон
2. Бекитилген төлөмдүн негизинде таза суунун төлөмдөрүн өз убагында чогултуу таза суу ишканаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн райондук ММКда жарыяланып, облусттук Юстицияга башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Мусаев |