Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылган Тамчы айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 27-декабры №7
Сугат суу пайдалануучулардын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги 2019-жылга карата Сугат суу пайдалануучулардын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы калктуу конуштар боюнча сугат суу пайдалануучулардын төлөмү төмөндөгү тартипте бекитилсин:
Тамчы айылы боюнча - 1,0 га айдоо аянтына - 270 сом, огородко – 100 сом, 1,0 га алма – бакка – 1000 сом
Чырпыкты, Кош – Көл айылдары боюнча - 1,0 га
үлүш жерге - 200 сом, 1,0 га ижара жерге - 400 сом
1,0 га ижарадагы алма - бакка - 500 сом, огороддорго жылына - 500 сом
2. Сугат суу пайдалануучулар ишканасынын жетекчилерине бекитилген төлөмдөр боюнча акча - каражатты өз убагында чогултуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн райондук ММКда жарыяланып, облусттук Юстицияга башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Мусаев |