Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну №1
Бостери айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1/1-пунктунун, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Бостери айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Бостери айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бостери айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту сактоо, укук коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго тапшырылсын.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |