Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2017-жылдын 20-июлу №4
Айыл чарба тармагын жакшыртуу максатында лизингге насыяга айыл чарбатехникасын жана шаймандарын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Айылдык кеңештин кезексиз III-сессиясынын күн тартибинде муниципалдык менчикке “Беларусь-82.1” тракторун жана 3 корпусту соко, сеялка шаймандарын насыяга сатып алуу жөнүндө Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен лизингге айыл чарба техникасын жана шаймандарын насыяга алуу үчүн 30 пайыздык жардам көрсөтүп жаткандыгына байланыштуу, муниципалдык менчикке 1-даана Д-243 үлгүсүндөгү “Беларусь-82.1” тракторун 7-жылдык мөөнөткө жана 3-корпусту сокону 3-жылдык мөөнөткө 8-пайыздык насыяга алынсын.
2. Айдап- себүү иштерин комплекстүү аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1-даана сеялка 3-жылдык мөөнөткө 8- пайыздык насыя менен алынсын.
3. Насыяга алынуучу айыл чарба техника жана шаймандары Ысык-Көл районундагы “Айыл Банк” ААК коомунун филиалы аркылуу жүргүзүлсүн.
4. Тийиштүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана Токтомдун аткарылышы Бостери айыл окмотунун башчысы А.А Жамангуловго жана ФЭБ башчысы Р.Жумадыловага милдеттендирилсин.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагы “Транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик” боюнча комитетине тапшырылсын.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизуу учун облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |