Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры №1.1
Бостери айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинен айыл Өкмөтүнүн залын салууга каралган 1500,0 миң сом акча каражатынан жана суу тартууга каралган акча каражаттан 469,5 миң сом акча каражатын резервуарды орнотууга 1969,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жайытка техника алууга каралган 700,0 миң сомдон жана ген план жасатууда каралган 2000,0 миң сомдон , спец техника (мусоровоз) алууга 1800,0 миң сом, столбаларды орнотууга 700,0 миң сом, суу толтурууга (емкость) орнотууга 200,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. “Кыргыз Деңизи” санаториясынын резервуарын алууга каралган акча каражатынан 500,0миң сомду жана БСРди ремонттодон калган 150,0миң сом акча каражатынан трансформаторду РЭСке өткөрүүгө 250,0 миң сом акча каражатынан ФАПка суу тартууга жана ички туалет жасатууга 330,0миң сом кошумча акча каражат бөлүнүп берилсин. Ит атууга 30,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Х.Жээнбаев мектебинин подвалын ремонттого кошумча каражат 135,5 миң сом бөлүнүп берилсин.А.Мамытова мектебинин ички даараткана салууга бөлүнгөн акча каражатынан 435,5 миң сомду А.Мамытов мектебинин электештирүүгө 420,1 миң сом акча каражаты бөлүнүпберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл аймагынын башчысы А.Жамангуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Бюджет, финансы, экономика инвестиция табуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |