Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI -сессиясы
2017-жылдын 07-декабры №1.4
Бодо малдарды идентификациялоо жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловдун билдирүүсүн жана сунушун угуп, талкуулап, Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагында бодо малдарды идентификациялоо учурунда бирка салуунун төлөм акысы 30 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн вет врачы Т.Иманбековго тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Бостери айыл Өкмөтүнөн башчысы А.Жамангуловго милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |