Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2018-жылдын 26-январы №1
Бостери айыл аймагынын 2018-жылга жергиликтүү бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жана Бостери айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 46752,1 (кырк алты миллион жети жүз элүү эки миң бир жүз) сом өлчөмүндө, жана атайы каражаттар боюнча 1900 (бир миллион тогуз жүз) мин сом эсебинде бекитилсин.
2. 2019-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 47252 (кырк жети миллион эки жүз элүү эки) миң сом өлчөмдөгү долбоору жактырылсын.
3. 2020-жылга карата 48300 (кырк сегиз миллион үч жүз) мин сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. 2017-жылдан 2018-жылга калган калдык 6193,9 (алты миллион бир жүз токсон үч миң тогуз жүз) сом эсебиндеги калдык тиркеменин негизинде бөлүнүп бекитилсин.
5. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл аймагынын башчысы А.А.Жамангуловго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Д.Джумадыловага милдеттендирилсин.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик каттоо реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономикалык инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |