Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги IХ -сессиясы
2018-жылдын 30-январы №1
Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30дагы №75 пункт “Мамлекеттик жарандык жана Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мызамынын 6-гл. 31-беренесинин 6п. Ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана Муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Р.Джумадылованын айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга төлөмдөрдүн кымбаттаганына байланыштуу, социалдык жактан колдоо максатында кызмат акыларына кошумча 30% пайыз өлчөмүндө акча-каражатын кошулсун.
2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин
Төрага | Ч.Джылкыбаев |