Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги IХ -сессиясы
2018-жылдын 30-январы №1.1
Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жөнүндө
Ысык-Көл районуна караштуу “Кырчын” жайлоосунда “Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр” оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу маселелерин чечүү максатында, Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 2-сентябрдан 7-сентябрына чейин Ысык-Көл районуна караштуу “Кырчын” жайлоосунда өтө турчу “Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр” оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу маселелерине айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго жана ФЭБ башчысы Р.Джумадыловага милдеттендирилсин.
3. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономикалык инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |