Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги IХ -сессиясы
2018-жылдын 27-марты №1
Бостери айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү салыктарды бекитүү жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн административдик аймагында жер салыгын жана мүлк салыгын 1,2,3-группаларын киргизүү жана КЗ зоналдык коефициентин бекитүү. Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылынын №231 мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 3-пунктунун негизинде, Бостери айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн жана сакталышынын максатында, Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январынын тартып, Бостери айыл Өкмөтүнүн аймагында төмөндөгүдөй жергиликтүү салык түрлөрү киргизилсин;
- Айыл чарба багытындагы жер салыгы, огород жана короо-жай алдындагы колдонулуп жаткан участкалардын жер салыгы;
- Мүлк салыгынын 1,2,3-группаларынын мүлк обьектилерине;
- КЗ зоналдык коефиценти 1,2 көлөмүндө бекитилсин;
2. Салыктарды эсептөө тартиби төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Мүлк салыгынын 1,2,3-группаларынын мүлк обьектилерине жана жер салыгына Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин негизинде;
3. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |