Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги IХ -сессиясы
2018-жылдын 27-марты №8
Айыл чарба тармагын жакшыртуу максатында лизенгге насыяга айыл чарба техникасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги Х-сессиясынын күн тартибинде лизинг боюнча 14% пайыз менен алынуучу атайын техника алуу жөнүндө Бостери айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин жана Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен лизингке атайын техникаларды насыяга алуу үчүн 30% пайыздык жардам көрсөтүп жаткандыгына байланыштуу, муниципалдык менчикке 2 данна таштанды ташуучу машина, 1 данна водовоз 14% менен 6-жылдык мөөнөткө жана сеялка 14 % менен 3 жылга алынсын.
2. Насыяга алынуучу айыл чарба техникалары Ысык-Көл районундагы “Айыл Банк” ААК коомунун филиалы аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Тийиштүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго жана ФЭБ башчысы Р.Джумадыловага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы “Транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик” боюнча комитетине тапшырылсын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |