Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2018-жылдын 27-марты №8.1
Лизингке насыяга атайын таштанды ташуучу автоунаа техникасын сатып алуу жөнүндө
Айылдык Кеңешинин кезектеги X-сессиясынын күн тартибине коюлган атайын техника алуу боюнча маселени талкуулап, Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен лизингке атайын техника насыяга алуу үчүн 45% пайыздык жардам көрсөтүп жаткандыгына байланыштуу, бир даана атайын таштанды ташуучу автоунаа техникасы 14% пайызы менен
6-жылдык ижара мөөнөткө сатып алынсын.
2. Атайын таштанды ташуучу автоунаа техникасынын баасы жергиликтүү бюджеттин 3146000 сом акча каражаты менен бекилсин.
3. Автоунааны камсыздандыруу жагына 52253 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4. Насыя алынуучу атайын таштанды ташуучу автоунаа техникасы Ысык-Көл районундагы “Айыл Банк” ААКнун филиалы аркылуу жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы менен “Бостери тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисине биргеликте жоопкерчилиги милдеттендирилсин.
6. Ушул алынган техникалар туура эмес учурда кайтарылып калса, Ысык-Көл облустук Өнүктүрүү фондусунан алынган акча каражатын Бостери айыл Өкмөтү жана “Бостери тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси тарабынан кайтарылып берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |