Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
2018-жылдын 27-марты №8.2
Лизингке насыяга грейдер техникасын сатып алуу жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл Өкмөтүнө лизингке наркы 6200, 0 (алты миллион эки жүз миң) сом турган бир даана грейдер техникасы 14% пайызы менен 6-жылдык мөөнөткө ижарага алынсын.
2. Грейдер техникасынын баасынын 30% пайызы 1860,0 (бир миллион сегиз жүз алтымыш миң) сом жергиликтүү бюджетке бекилсин.
3. Грейдер техникасын камсыздандыруу жагына 135,340 (бир жүз отуз беш миң үч жүз кырк) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Грейдер техникасына бажы төлөмүнө 5,25% пайызы менен 325,500 (үч жүз жыйырма беш миң беш жүз) сом жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы менен “Бостери тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисине биргеликте жоопкерчилиги милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча комитетине тапшырылсын.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |