Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2018-жылдын 27-марты №10
Жер салыгынан жана таштандыларды чыгаруу салыктарынан бошотуу жана төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө
“Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн карамагында жашаган тургундардын короо алдындагы жер салыгынан жана таштандыларды чыгаруу салыктарынан бошотуу жана төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө” Бостери айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн карамагында жашаган тургундардан таштандыларды чогултууга ар бир түтүндөн 10 сом жана мекеме эс алуу жай жана соода түйүндөрүнөн киши башынан 60 сом төлөм төлөнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл Өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси А.Эсенаалиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин
Төрага | Ч.Джылкыбаев |