Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
2018-жылдын 27-марты №11
Парко-пляж аймагындагы жер тилкелердин ижара акысы жана айып пулун бекитүү жөнүндө
Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Бостери айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эс алуу жайлардын ижара акысы категория боюнча үч топко бөлүнсүн:
Биринчи топ- 29779 сом
Экинчи топ- 59558 сом (жакшы иштеп, пляждардан пайда тапкан эс алуу жайлар)
Үчүнчү топ- 89 337 сом (парко-пляждык зонага сауна салып, субарендага берип абдан жакшы киреше тапкан эс алуу жайлар)
1.1 Экинчи топко төмөндөгү эс алуу жайлар киргизилсин:
“Талисман Виллидж” 1,40га ×59558 сом=83 381 сом
“Кыргыз Деңизи” 5,83га × 59558сом=347 223 сом
“Айкөл” 1,5 га × 59 558сом=89338сом
“Аалам” 2,25га × 59 558 сом =134 006 сом
“Алма-Ата” 3,0 га ×59 558 сом=178674 сом
1.2 Үчүнчү топко төмөндөгү эс алуу жайлар киргизилсин:
“Каприз” 2,06га×89 337 сом = 184034 сом
“Дельфин де люкс” 1,10 га×89 337сом=98271 сом
“Золотые Пески” 2,7 га ×89 337 сом=241210 сом
2. Эгерде эс алуу жайлар өз убагында ижара акысын төлөбөсө 0,1% күнүнө айып пулу каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл Өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси А.Эсенаалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин
Төрага | Ч.Джылкыбаев |