Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
2018-жылдын 27-марты №13
Парко-пляж аймагындагы жер тилкелердин жана жарнак щиттердин, соода-сатык дүкөн, павильондордун, жашылдандыруу-көрктөндүрүүгө алынган жер тилкелеринин ижара акы төлөмүн жана айып пулун бекитүү жөнүндө
“Парко-пляж аймагындагы жер тилкелердин жана жарнак щиттердин, соода-сатык дүкөн, павильондордун, жашылдандыруу-көрктөндүрүүгө алынган жер тилкелеринин ижара акы төлөмүн жана айып пулун бекитүү жөнүндө” Бостери айылдык Кеңешти,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Павильондорго соода-сатык кылуу максатында ижарага берүү акысы 1м2 жер тилкесине 278 (эки жүз жетимиш сегиз) сомдон бекитилсин.
2. Уюлдук компаниялардын антеналарын коюуга жер тилкесин ижарага берүү акысы айына 8000 (сегиз миң) сомдон кем эмес бекитилсин.
3. Унаа токтоочу жайларга берилген 1м2 жер тилкесине 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кеме токтоочу жайларга 1м2 50 сомдон бекитилсин.
5. Пайдаланып жүргөн короо алдындагы ашыкчы жер тилкесинин 0,01 га 100 сомдон бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |