Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
2018-жылдын 27-марты №12
Парко пляж аймагындагы жер тилкелердин жана жарнак щиттердин, соода сатык дүкөн, павильондордун, жашылдандыруу-көрктөндүрүүгө алынган жер тилкелеринин ижара акы төлөмүн жана айып пулун бекитүү жөнүндө
“Парко пляж аймагындагы жер тилкелердин жана жарнак щиттердин, соода сатык дүкөн, павильондордун, жашылдандыруу-көрктөндүрүүгө алынган жер тилкелеринин ижара акы төлөмүн жана айып пулун бекитүү жөнүндө” Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл Өкмөтүнүн аймагындагы санаторий жана эс-алуу жайларынын ичиндеги парко-пляждык аймактарын кайрадан инвентаризациялап, каттоодон өткөрүп, картага түшүрүлүп муниципалдык менчикке алынсын.
2. Парко-пляждык зонанын салык жана ижара суммасын жер жана салык Кодексинин № 339 беренесинин негизинде 1 (бир) га жер тилкесине 29779 (жыйырма тогуз миң жети жүз жетимиш тогуз) сомдон бекитилсин.
3. Парко-пляждык зоналарды ижарага алган эс алуучу жайлар жана жарандар 3-тарапка берүүгө тыюу салынсын. Ушул талап аткарылбаса Бостери айыл Өкмөтү бир тараптуу түзүлгөн келишим жокко чыгарат.
4. Көрнөк-жарнак щиттердин ишкердик кылуу максатында арендалык төлөмү 1м 2 ка 389 (үч жүз сексен тогуз) сомдон бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл Өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси А.Эсенаалиевага милдеттендирилсин.
6. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин
Төрага | Ч.Джылкыбаев |