Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги XIV--сессиясы
2018-жылдын 20-июлу №1.1
Бостери айылдык Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-июлдагы №01-31/845 сунушун карап, талкуулап, Бостери айылдык Кеңешинин 2017-жылдагы 8-сентябрь айында чыккан “Бактуу-Долоноту айылында ат майдан жана дене тарбияны чындоо борборунун таза суу менен камсыздоо максатында Республикалык бюджеттин эсебинен бургуланган эки скважинаны Бостери айыл аймагынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө” №1.5 Токтомуна толуктоо киргизүүгө Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бактуу-Долоноту айылында ат майдан жана дене тарбияны чындоо борборунун күн батыш тарабында жайгашкан эки таза суу скважинасы ат майдан жана дене тарбия чындоо борборунун айыл тургундарын таза суу менен камсыздоо үчүн Бостери айыл аймагынын муниципалдык менчигине 0,40га жер тилкеси менен өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Бактуу-Долоноту айылында ат майдан жана дене тарбияны чындоо борборунун күн батыш тарабында жайгашкан эки таза суу скважинаны тейлөө жана кармоо жагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздандырылсын.
3. Чолпон-Ата электр тармагы менен электр жарыгын ат майдан жана дене тарбия чындоо борборунан бөлдүрүп, Бостери айыл Өкмөтүнүн келишимине киргизилсин.
4. Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдан жана дене тарбияны чындоо борборунун үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу үчүн келишим түзүлсүн.
5. Токтомдун аткаруу жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин транспорт, курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |