Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги XIV--сессиясы
2018-жылдын 20-июлу №4.2
Бостери айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бостери айылынын “Кыргыз күрөш” боюнча машыктыруучу А.Докеевтин 19.07.2018-жылдагы арызын жана Бостери айыл Өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетинен Бостери айылындагы Городок шаарчасына базар салууга каралган 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты жана жашылдандыруу-көрктөндүрүүгө каралган 290,0 (эки жүз токсон миң) сом акча каражаты ажыратылып, Бостери айылында жайгашкан Х.Жээнбаев мектеп-лицейдин күрөш залга жабдууларды алууга бөлүнүп берилсин.
2. Бостери айыл аймагын жашылдандыруу-көрктөндүрүүгө каралган акча каражатынан 478,9 (төрт жүз жетимиш сегиз миң тогуз жүз) сом акча каражаты ажыратылып, Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы конушка (Ипподром) зым тартууга бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл аймагынын башчысы А.Жамангуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомду контролдо жагы Бюджет, финансы, экономика инвестиция табуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |