Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги XIVI-сессиясы
2018-жылдын 28-августу №2.1
Этномаданияты, ат-спорт индустриясынын жана асыл-тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борборуна тийиштүү айыл чарба жер тилкелерин айыл тургундарына кайра бөлүштүрүү фондуна алуу жөнүндө
Бостери айыл аймагында жайгашкан мурдагы №54 жылкы заводу же азыркы аталышы Этномаданияты, ат-спорт индустриясынын жана асыл-тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору өзүнүн функциясын жоготкондугуна байланыштуу, Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан 47,0га өрүк жана алма бак, Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан сортоучасткасынын 64,0га, бардыгы 111,0 га жер тилкеси айыл тургундарына кайра бөлүштүрүү фондуна алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү иш-чаралар жана кайрылууларды Өкмөттүк денгээлде иш алып баруу жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин транспорт, курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джылкыбаев |