Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2018-жылдын 28-августу №2.2
Жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн оозеки сунушун угуп, талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айылында жайгашкан СУ-7 автобазасына кирүүчү жолдун батыш тарабындагы 0,09 га жер тилкесин эс алуу жайын уюштуруу максатында иш кагаздары даярдалып, муниципалдык менчикке алынсын.
2. Ушул токтомдун алып баруу жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы жана транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин
Төрага | Ч.Джылкыбаев |