Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-ноябры № 2.1
Бостери айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысынын оозеки кайрылуусун карап, талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
11. Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 2018-жылда пландагы ашыкча түшкөн кирешеден 355,7 (үч жүз элүү беш миң жети жүз) сом акча каражаты төмөндөгү иш-чараларга бөлүнүп берилсин:
- Погрузчикке дөнгөлөк алууга 155,0 (бир жүз элүү беш миң) сом;
- Бактуу-Долоноту айылындагы таза суу чыгаруучу насосту ремонт өткөрүү үчүн тетиктерин алууга 121,5 (бир жүз жыйырма бир беш жүз) сом;
- Бостери айылындагы Төрт-Күл аймагындагы жана Акжолтой скважинасына “Лоцман” ЭЦВ, тереңдиктеги кабель алууга 79,2 (жетимиш тогуз миң эки жүз) сом.
12. Токтомдун аткарылышын Бостери айыл аймагынын башчысы А.Жамангуловго милдеттендирилсин.
13. Токтомду контролдо жагы Бюджет, финансы, экономика инвестиция табуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
14. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джилкыбаев |