Редакцияот 13.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын кезектеги XVII – сессиясы

2018-жылдын 13-ноябры № 2.3

Бостери айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2020-2021ж.ж. болжолдуу долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Бостери айыл аймагынын 2019-жылыга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап Бостери айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бостери айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 48600,0 миң (кырк сегиз миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

-    атайын каражат эсеби 2050,0 (эки миллион элүү миң) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекилсин;

2.  Бостери айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 49300,0 миң (кырк тогуз миллион үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.

3.  Бостери айыл аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 50100,0 миң (элүү миллион бир жүз миң) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.

4.  Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

5.  Токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.А.Жамангуловго жана ФЭБнүн башчысы Р.Д.Джумадыловага милдеттендирилсин.

6.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономикалык инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

7.  Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Ч.Джилкыбаев