Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги XIX– сессиясы
2018-жылдын 14-декабры № 3
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүндө муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, КРнын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик-укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Бостери айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жетекчиликке алуу менен Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагында муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизуу үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бостери айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Турдубек уулу Мирбекке жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Джилкыбаев |
“Бекитемин” “Бекитемин” Бостери айыл Бостери айылдык Өкмөтүнүн башчысы Кеңешинин төрагасы _________ А.Жамангулов _____________Ч.К.Жылкыбаев
1 | Токтом жана Чечимдерден маалыматты толуктоо үчүн көчүрмө тактоолорду берүү(жер аянты, пайдалуу аянты, даректи тастыкталган маалымдама) |
2 | Айыл аймагындагы УАМС ардагерлерине, афган согуштун, 7-апрель революциянын катышууларына, ардагерлерине материалдык жардам берүү боюнча чечим чыгаруу |
3 | Мектеп окуучулардын облустук жана республикалык масштабтагы предметтик олимпиада жана манасиядага баруу үчүнтранспорттык чыгымдарын компенсациалоо тууралу чечим чыгарып берүү |
4 | Айыл аймагындагы ЧАЭС авариясына катышкан жарадарларына материалдык жардам берүү боюнча чечим чыгаруу |
5 | Тоголок жетим балдарга жайкы эс алуу лагерге жолдомо менен камсыздоо боюнча чечим чыгаруу |
6 | Айыл аймагынын ДМЧАлардын күнүнө карата материалдык жардам берүү боюнча чечим чыгаруу |
7 | Кургак учук оорусу менен катоодо турган адамдарга санаторийге баруу үчүн жол кире чыгымдарын камсыздоо боюнча чечим чыгаруу |
8 | Айыл аймагындагы жаштар топторун улуттук оюн жана спорттук областык жана республикалык мелдештерге баруу үчүн жол кире чыгымдарын компенсациялоо боюнча чечим чыгаруу |
9 | Аз камсыз үй-бүлөөлөргө, жетим балдарга, ДМЧа адамдарга кышкы отун, көмүр менен камсыз кылуу |