Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги XIX– сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 1.1
Бостери айыл аймагынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинен акча каражаты төмөндөгү иш-чараларга бөлүнүп берилсин:
1.1 Байжигит конушуна кичи футбол аянчасын салууга 2000,0 (эки миллион) сом;
1.2 Бостери айылынын күн чыгыш тарабындагы автоунаа борбордук жолдун түндүк тарабындагы жайгашкан мүрзөөнү курчоого 700,0 (жети жүз миң) сом;
1.3 “Университет” эс алуу жайынын жанындагы автоунаа борбордук жолдун түндүк тарабындагы мүрзөөнү курчоого 200,0 (эки жүз миң) сом;
1.4 Бактуу – Долоноту айылындагы күн батыш тарабындагы автоунаа борбордук жолдун түштүк тарабындагы мүрзөөнү курчоого 300,0 (үч жүз миң) сом;
1.5 “Чынар” бала бакчага сигнализация орнотууга 60,0 (алтымыш миң) сом;
1.6 “Березка” бала бакчасынын жылуулук системасын алмаштырууга 520,1 (беш жүз жыйырма миң бир жүз) сом;
1.7 Х.Жээнбаев мектеп-лицейин тегерегин курчоого 700,0 (жети жүз миң) сом;
1.8 Т.Атаев мектебинин актовый залына ремонт иштерин жүргүзүүгө 700,1 (жети жүз миң бир жүз) сом;
1.9 Т.Атаев мектебинин актовый залына отургучтарды алууга 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом;
1.10 Т.Атаев мектебине интерактивдүү доскаларды алууга 160,0 (бир жүз алтымыш миң) сом;
1.11 Бостери айылындагы Жаманбай өрөөнүндөгү арыктарын оңдоого 650,0 (алты жүз элүү миң) сом;
1.12 А.Мамытов гимназиясына интерактивдүү доска, компьютер алууга 193,3 (бир жүз токсон үч миң үч жүз) сом;
1.13 Социалдык объектилерди камсыздандырууга 200,0 (эки жүз миң) сом;
1.14 Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо, архитектура жана куруу башкармалыгынын кызматтарына 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом;
1.15 Айыл Өкмөтүнүн аппаратына премия берүүгө 304,300 (үч жүз төрт миң үч жүз) сом;
1.16 Ит атууга 100,0 (бир жүз миң) сом;
1.17 Бостери атанын эстелигин орнотууга 4200,0 (төрт миллион эки жүз миң)
сом;
1.18 Генералдык планды чийдирүүгө 3500,0 (үч миллион беш жүз миң) сом;
1.19 Спринтер “Мерседес” автоунаа алууга 1300,0 (бир миллион үч жүз миң) сом;
1.20 Бактуу-Долоноту айылындагы УОСтон өйдө кетчү көчөгө 500 м суу тартууга 2300,0 (эки миллион үч жүз миң) сом;
1.21 Т.Жылкыбаев атындагы күрөш залына ремонт иштерин жүргүзүүгө 134, (бир жүз отуз төрт миң төрт жүз) сом;
1.22 Скважинанын насосторуна ремонт иштерин жүргүзүүгө 452, 2 (төрт жүз элүү эки миң эки жүз) сом;
1.23 Бостери айлынындагы Шопок, Бактуу-Долоноту айылындагы Ипподром конуштарына электр зымын тартууга 774, 0 (жети жүз жетимиш төрт миң) сом;
1.24 Бактуу-Долоноту айылындагы конторасына стол, стул эмерек алууга 200,0 (эки жүз миң) сом;
1.25 Мектептерге эсепчи алууга (бир штат) 184,0 (бир жүз сексен төрт миң) сом;
1.26 Кадыралиев көчөсүндөгү жаңы резервуар салууга кошумча 1606,0 (бир миллион алты жүз алты миң) сом;
1.27 Бостери айылындагы Байжигит, Асандын ою конуштарындагы, курулуш башкармалыгынын-7(СУ-7) балдар аянтчасына эмерек алууга 1750,0 (бир миллион жети жүз элүү миң) сом;
1.28 Бостери айылындагы Исмаилов – Далбаев, Бактуу-Долоноту айылындагы Мидин көчөлөрүнө көпүрө курууга 1800,0 (бир миллион сегиз жүз миң) сом;
1.29 Бактуу-Долоноту айылындагы резервуардын суу түтүкчүлөрүн, задвижкаларын алмаштырууга 525,0 (беш жүз жыйырма беш миң) сом;
1.30 Бактуу-Долоноту айылындагы УОС кормоцех жарык берүүгө документин даярдоо ПСД, топосъемкага 350,0 (үч жүз элүү миң) сом;
1.31 “Бостери суу” муниципалдык ишканасына портер автоунаа алууга 250,0 (эки жүз элүү миң) сом;
1.32 Спорт оюндарына ( форма, ижара акысы) кошумча 200,0 (эки жүз миң) сом;
1.33 Бостери айылындагы “Городок”шаарчасына бала аянтчасын курууга 1000,0 (бир миллион) сом;
1.34 Т.Мамытов гимназиясына даараткана салууга 336,0 (үч жүз отуз алты миң) сом.
2. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Д.Джумадыловага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Ч.Джилкыбаев |