Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү № 12 сессиясы
2018-жылдын 24-августу № 01-3/2
Айылды жарыктандыруу жөнүндө
1. 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жергиликтүү бюджеттен Көк-Сай айылынын кире беришинен чыга беришине чейин 1200 метр аралыкта жарыктандырууга төрт жүз мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган каражат порталга берилип, сатып алуулар мыйзамынын негизинде женүүчү деп табылган курулушчу менен келишим түзүп иш жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т.Салыбеков |