Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү № 12 сессиясы
2018-жылдын 24-августу № 01-3/5
Мектептин эски эшик айнектерин сатууга баа бекитип берүү
1. А.Токтогожоев атындагы Көк-Сай орто мектебинин эски эшик айнектеринин баасы бекитилсин.
2. Эшиктин 1 даанасы 500 сомдон баалансын. Айнектин бир комплекти 800 сомдон баалансын. Айнектин кичинеси 500 сомдон баалансын.
3. Чек ара кызматына он даана айнек жана мектепте иштеген жаш мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге бир айнек бир эшиктен бекер жардам катары берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т.Салыбеков |