Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын XII-кезектеги сессиясы
2018-жылдын 06-ноябры №3
Аманбаев айылдык Кеӊеши Аманбаев айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу Кудайкулов Э. маалыматын угуп, маселени талкуулап карап чыгып, Аманбаев айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айылдык Кеӊеши Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу “Тогунай” участогундагы трансформацияланган жалпы 228 га кайрак жер аянтын, Аманбаев айыл өкмөтүнүн карамагындагы (ведение айыл окмоту) жер аянты болуп бекитилсин.
2. 2018-жылы “Тогунай” участогундагы жер айдаган дыйкандардын төлөмдөрү өндүрүлүп, бюджетке түшүрүлсүн.
3. Аманбаев айыл өкмөтүндөгү колдонулуучу жер тилкелери такталып, муниципалдык менчикке алынып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Темирбеков милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К.Джеенчороев |