Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын XII-кезектеги сессиясы
2018-жылдын 06-ноябры № 4
Аманбаев айылдык Кеӊеши Аманбаев айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Чолпонкуловдун 9 айдагы маалыматын угуп, талкуулап карап чыгып, Аманбаев айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төр агасы А.Чолпонкуловдун маалыматы кабыл алынсын.
2. Аманбаев айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине трактор жана башка шаймандарды сатып алууга АРИС программасы аркылуу каржыланган сумманын 25% өздүк салымы-875,0 миӊ сом акча каражаты бюджеттин 9 айдагы чыгашадан ашкан киреше бөлүгүнөн бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнүп берилген 875,0 миӊ сом акча каражаты жайыт комитети тарабынан 5 жылдык мөөнөттүн ичинде Аманбаев айыл өкмөтүнө кайтарылсын.
4. Токтомдун аткарылышына жайыт комитетинин төр агасы А.Чолпонкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырылсын
Төрага | К.Джеенчороев |