Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XX сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 27/20-3
Ветеринардык врачтын жана кичи автобустун айдоочусунун эмгек акысынын өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 – токтомунун негизинде ветеринардык врачтын жана кичи автобустун айдоочусуна айлык эмгек акысынын өлчөмү жөнүндө маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ветеринардык врачтын айлык эмгек акысы 7000сом жана кичи автобустун айдоочусунун айлык эмгек акысы 5000сом өлчөмүндө 2215 статьядан бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Окенаев Т.М. |