Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XX сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 27/20-4
Ананьев айлындагы кролиководстводогу жана Жанагулов көчөсүндөгү скважиналарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.03.2001-жылдагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинни негизинде жана Ананьев айлындагы кролиководстводогу жана Жанагулов көчөсүндөгү скважиналарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө жашоочулардын сунуштарын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айлындагы кролиководстводогу жана Жанагулов көчөсүндөгү скважиналарды муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Окенаев Т.М. |