Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XX сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 27/20-5
Малдарды талаадагы элдин үлүш жерине чыгарбоонун мөөнөтү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдагы 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мызамынын 10-беренесинин негизинде жана малдарды талаадагы элдин үлүш жерине чыгарбоонун мөөнөтү жөнүндө жашоочулардын сунуштарын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев аймагында талаадагы элдердин үлүш жерине ар жылдын 25-февралынан баштап 25-октябрга чейин малдарды чыгарууга катуу тыюу салынсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш баруу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Окенаев Т.М. |