Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 19
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамбетовдун 01.01.2018-жылга калган калдыктан Кажы-Саз айылындагы кичи футбол аянтчасын өздүк салымга бөлүнгөн 423,3 (төрт жүз жыйырма үч миӊ үч жүз) сом акча каражатты бөлүштүрүү тууралуу билдирген сунушун угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.02.2018-жылдагы №7-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. 01.01.2018- жылга калган калдыктан каралган Кажы-Саз айылындагы кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга бөлүнгөн 423,3 (төрт жүз жыйырма үч миӊ үч жүз ) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
- А.Салиев атындагы орто мектебинин электро энергияга болгон карызы 63100 (алтымышүч миӊ биржүз ) сом.
- Көчө жарыктарына болгон карыз 10900 (он миӊ тогузжүз) сом.
- Кекилик пляжына вышка салууга 73300 (жетимишүч миӊ үчжүз) сом.
-№3 Балдар бакчасына өрт коопсуздук сигнализациясына 64000 (алтымыш төрт миӊ) сом.
- процессор алууга 20000 (жыйырма миӊ) сом.
- инженер консультант кызматына 45000 (кырк беш миӊ) сом
-Тон айылындагы кичи футбол аянтчасына документерди даярдоого (АПУ ПСД экспертизаж,б ) 55000 ( элүүбеш миӊ) сом
-Архив документтерин сактоого 8000 (сегиз миӊ) сом.
-Архив документтерин иреттөөгө 24000 (жыйырма төрт миӊ) сом.
- Таштанды чыгаруу үчүн күйүүчү майга 60000 (алтымыш миӊ) сом.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин экономика, финансы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т.Атамбаев |