Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 3
Жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясында Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын 11.02.2016-ж.№3\92 катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т, А. Сариев тарабынан 12.01.2016-жылы өткөрүлгөн Ѳкмөттүк жыйында жергиликтүү Кеӊештин кзектеги сессиясында бюджетти бекитүү учурунда жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү боюнча сунуштарды берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алма-бак багытындагы 1га өлчөмүндөгү жердин салыгы бир жылга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл аймакка тиешелүү 1 га өлчөмүндөгү жакынкы жайыттын (жеке менчикте же арендада турган) 1 жылдык жер салыгы 21,3 сом (жыйырма бир сом отуз тыйын) өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Мамбетовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдылдаев |