Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын I I сессиясы
2017-жылдын 03-марты № 7
2017-жылга Тоӊ айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын 2017-жылга бюджетин бекитүү боюнча Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга сунуштаган жергиликтүү бюджеттин долбооруна алымча кошумча киргизүүнү бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшыруу менен бекитилсин.
2. 2017-жылга Тоӊ айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгашанын көлөмү жалпы 4 925,2 миӊ (төрт миллион тогуз жүз жыйырма беш миӊ эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин :
- кирешелер бөлүгү 4687,6 миӊ (төрт миллион алты жүз сексен жети миӊ алты жүз) сом өлчөмүндө; (1-тиркеме)
-чыгаша бөлүгү 4687,6 миӊ (төрт миллион алты жүз сексен жети миӊ алты жүз) сом өлчөмүндө; (2-тиркеме)
-атайын төлөм каражаттары киреше жана чыгаша 237,6 миӊ (эки жүз отуз жети миӊ алты жүз) сом өлчөмүндө каралсын. (3-тиркеме)
3. 2017-жылдын бюджетинин кассалык жүгүртүүсү 10,0 миӊ (он миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2018-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 4782,0 миӊ (төрт миллион жети жүз сексен эки миӊ) сом өлчөмүндө анын ичинде теӊдөөчү грант 2452,7 миӊ (эки миллион төрт жүз элүү эки миӊ жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2019-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгаша боюнча 4940,1 миӊ (төрт миллион тогуз жүз кырк миӊ бир жүз) сом өлчөмүндө анын ичинен теӊдөөчү грант 2 553,8 миӊ (эки миллион беш жүз элүү үч миӊ сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2017-жылга бекитилген Тоӊ айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Атамбаев |