Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын I I сессиясы
2017-жылдын 09-июну № 31
Хово автомашинасын ижарага берүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын Тоӊ районун өнүктүрүү агентствосу биргелешкен муниципалдык ишканасынын 12.01.2017-жылдагы №5 катына ылайык, муниципалдык менчиктеги Хово автомашинасын ижарага берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык менчикте турган Хово автомашинасын Тоӊ районунун өнүктүрүү агентствосу биргелешкен муниципалдык ишканасына айына 200,0 миӊ (эки жүз миӊ) сом өлчөмүндөгү ижара акысы менен ижарага берилсин.
2. Автомашинаны ишке киргизүү учурунда керектүү тетиктерди ижара акысынын эсебинен сатып алып ишке киргизүү жагы Тоӊ районунун өнүктүрүү агентствосу биргелешкен муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Мамбетовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Атамбаев |