Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын VII сессиясы
2017-жылдын 28-ноябры № 45
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамбетовдун Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан бөлүнгөн 400,0 (төрт жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүштүрүү тууралуу билдирген сунущун угуп жана талкуулап,Тоӊ айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 28.07.2017-жыл № 40 токтомго өзгөртүү киргизилсин.
- Тоӊ айыл аймагынын көчө жарыктандыруусуна Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 400.0 (төрт жүз миӊ) сом акча каржаты бөлүнгөндүгүнө байланыштуу Республикалык бюджеттен көчө жарыктандырууга бөлүнгөн 800.0 (сегиз жүз миӊ) сомдон 474,3 (төрт жүз жетимиш төрт миӊ үч жүз) сом акча каражаты азайтылып төмөндөгүлөргө жумшалсын.
- 300,0 (үч жүз миӊ) сом акча каражаты Тоӊ айыл аймагынын ички жолдорун оӊдоо иштерине;
- 25,0 (жыйырма беш миӊ) сом акча каражаты көчө жарыктандыруунун курулуш иштерин көзөмөлдөөгө;
- 10 (он миӊ) сом акча каражаты көчөнү жарыктандыруунун сметасын түздүрүүгө:
- 139,3 ( жүз отуз тогуз миӊ үч жүз ) сом акча каражаты Тон айылындагы таштандыларды чыгаруга жана Ак Булуӊ, Кайнар участкаларынын мектеп окуучуларын ташууга күйүүчү май бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жэагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин экономика, финансы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Атамбаев |