Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын I I сессиясы
2017-жылдын 28-ноябры № 46
Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен кошумча бөлүнгөн 400 000 (төрт жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамбетовдун Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен кошумча акча каржат сураган 14.11.2017-жылдагы № 542 катына ылайык, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен бөлүнүп берилген кошумча акча каражатты бөлүштүрүү тууралуу билдирген сунушун угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен кошумча бөлүнгөн 400,0 миӊ (төрт жүз миӊ) сом акча каржаты Тоӊ айылындагы административдик имаратка жана бирдиктүү терезеге уюштуруу техникаларын жана эмерек менен жабдууга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоӊ айыл аймагынын айылдык кеӊешинин экономика, финансы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Атамбаев |