Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын I I сессиясы
2017-жылдын 28-ноябры № 53
2018-жылга Тоӊ айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын 2018-жылга бюджетин бекитүү боюнча Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга сунуштаган жергиликтүү бюджеттин долбооруна алымча кошумча менен бекитилсин.
2. 2018-жылга Тоӊ айыл аймагынын бюджетинин көлөмү жалпы 5174,1миӊ (беш миллион жүз жетимиш төрт миӊ бир жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана бул каражаттын ичинен:
- кирешелер жана чыгашалар боюнча 2410,6 миӊ (эки миллион төрт жүз он миӊ алты жүз) сом өлчөмүндө;
-теӊдөөчү грант 2222,1 миӊ (эки миллион эки жүз жыйырма эки миӊ бир жүз) сом лчөмүндө;
-атайын төлөм каражаттары 653,3 миӊ (алты жүз элүү үч миӊ үч жүз ) сом өлчөмүндө каралсын. (1.2.3-тиркеме)
3. 2018-жылдын бюджетинин кассалык жүгүртүүсү 10,0 миӊ (он миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2019-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 5245,5 миӊ (беш миллион эки жүз кырк беш миӊ беш жүз) сом өлчөмүндө анын ичинде теӊдөөчү грант 2 208,5 миӊ (эки миллион эки жүз сегиз миӊ беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2020-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгаша боюнча 5223,4 миӊ (беш миллион эки жүз жыйырма үч миӊ төрт жүз ) сом өлчөмүндө анын ичинен теӊдөөчү грант 2 099,4 миӊ (эки миллион токсон тогуз миӊ төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2018-жылга бекитилген Тоӊ айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Атамбаев |